Бүгүн Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Кесиптик колледжинде КМТШИ9-1-20 тайпасынын студенттеринин өндүрүштүк практикасынын жыйынтыгы боюнча отчеттук көргөзмөсү жумуш берүүчүлөр, ата- энелер, практика башчылары, колледждин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттердин катышуусунда болуп өттү.
Практикага чыккан студенттер өздөрүнүн практика учурунда даярдаган кийимдери жана өндүрүштүк практиканын жүрүшү боюнча презентациялар менен кызыктуу маалыматтарды беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө жумуш берүүчүлөр, ата-энелер жана университетен техникалык сабактар багыты боюнча практика башчысы сөз сүйлөп, алар өз сөздөрүндө студенттер үчүн түзүлгөн шарттарга, окутуучуларга ыраазычылыгын айтып кетишти.
Мындан сырткары Колледждин директору, доцент Ч.Х. Абдуллаева студенттерди заманбап жумуш орундарга барып практика өтөөсү үчүн бир канча иш канаалар менен келишимдер түзүлгөнүн жана түзүлүп жатканын белгилеп айтып өттү.
Негизинен практика жетекчилери Ж. А. Жээнбекова жана Т.М. Маметовалардын практика учурунда студенттер менен алып бараништерине баа берилип, иштерине ийгиликтер каалашты.
.