Маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасы

изображение

Кафедранын башчысы, КӨЭАУнун профессору Өмүрбекова Гүлзат Кокорбаевна

Кафедранын тарыхы

Миңбар 1995-жылдын сентябрь айында табигый илимдер сабактарынын негизинде уюштурулган жана аны ф.-м.и.к., Г. М. Маматурдиев жетектеген. 1996-жылдан баштап миңбардын аталышы «Колдонмо математика жана информатика» деп өзгөртүп түзүлгөн. 1997-1998-окуу жылында «IBM-486» тибиндеги 2 компьютердик класс алынган. Анын бирин Өзбек Республикасынын жогорку жана орто окуу жайлары боюнча Министирлиги каржылаган. Бул окуу жылында негизги окуу сабактары болуп, жогорку математика, информатика, программисттин АЖОду, эконометрика эсептелишкен. Университеттеги адистиктердин көбөйүшүнө жана факультеттердин кеңейишине байланыштуу 1999- 2000-окуу жылында «Колдонмо математика жана информатика» миңбары төмөндөгүдөй үч миңбарга бөлүнгөн: -«Экономикадагы жана укуктагы математикалык усулдар», -«Математика жана информатика», -«Маалыматтык технологиялар». «Маалыматтык технологиялар» миңбарын ф.-м.и.к., доцент А. Ж. Сатыбаев жетектеген. Миңбар адистерди: АСОИУ, ПОВТАС, АСОИУс адистиктери боюнча чыгарган. 2002-2003-окуу жылынын башына миңбардын ПОЖу 20 адамга чейин көбөйгөн, аларда: 1 п.и.д., 1 ф.-м.и.к., 4 ага окутуучу, 9 окутуучу, 2 инженер-программист, 2 техник-оператор жана 1 лаборант болгон. 2003-2004-окуу жылынын башталышына бул миңбар 2 ге бөлүнгөн: «Колдонмо жана эсептөө математикасы» жана «Маалыматтык копьютердик системалар». «Колдонмо информатика жана эсептөө математикасы» миңбарынын башчылыгына ф.-м.и.к., доцент А. Ж. Сатыбаев дайындалган. 2008-2009-окуу жылынын башында бул миңбардын аталышы «Экономикадагы колдонмо информатикага» өзгөртүлгөн жана анын башчылыгына ф.-м.и.к., доцент А. А. Ахмедов дайындалган. 2009-2010-окуу жылынын башында миңбардын аталышы «Компьютердик жана маалыматтык технологиялар» деп өзгөртүлүп, ага ф.-м.-и.д., проф. А. Ж. Сатыбаев дайындалган, андан кийин ошол эле окуу жылынын ноябрь айынан тартып т.и.к., КӨЭАУнун профессору Г. К. Өмүрбекова жетектеп келди, 2014-жылдын сентябрь айынан баштап 2020-жылга чейин ф.-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов жетектеп келген. 2020-жылдан Маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасын т.и.к., КӨЭАУнун профессору Г. К. Өмүрбекова жетектеп келе жатат. Бүгүнкү күндө Графика адистерин жана Информатика жана эсептөө техникасы багыттары боюнча бакалаврларды даярдап чыгарат.

  • Кафедрада программалоо боюнча 3 айлык курс уюштурулуп турат.

    Кафедрада программалоо боюнча 3 айлык курс уюштурулуп турат.

    • изображение

      Python программалоо тили

      Ар кандай тармактарда колдонулган универсалдуу тилде программалоо

    • изображение

      Веб-сайттар

      Сайттарды, онлайн дүкөндөрдү, жана ар түрдүү тиркемелерди түзүү

Кафедранын окутуучулары жана кызматкерлери

  • Фото-6

    Ишенбек Жабагыев

    МСжТ кафедрасынын окутуучусу

  • Фото-7

    Токтосун Өмүрали уулу

    МСжТ кафедрасынын инженер программисти

  • Фото-8

    Хамида Махматиса кызы

    МСжТ кафедрасынын лаборанты

  • Фото-9

    Баяман Касымов

    МСжТ кафедрасынын техник-оператору

Кафедрада уюштурулган кружокторго катталуу