HISTORY OF THE DEPARTMENT

«МСжТ» кафедрасынын тарыхы

Миңбар 1995-жылдын сентябрь айында табигый илимдер сабактарынын негизинде уюштурулган жана аны ф.-м. и. к., Г. М. Маматурдиев жетектеген.

1996-жылдан баштап миңбардын аталышы «Колдонмо математика жана информатика» деп өзгөртүп түзүлгөн. 1997-1998-окуу жылында «IBM-486» тибиндеги 2 компьютердик класс алынган. Анын бирин Өзбек Республикасынын жогорку жана орто окуу жайлары боюнча Министирлиги каржылаган.  Бул окуу жылында негизги окуу сабактары болуп, жогорку математика, информатика, программисттин АЖОду, эконометрика эсептелишкен. Университеттеги адистиктердин көбөйүшүнө жана факультеттердин кеңейишине байланыштуу 1999-2000-окуу жылында «Колдонмо математика жана информатика» миңбары төмөндөгүдөй үч миңбарга бөлүнгөн:

-«Экономикадагы жана укуктагы математикалык усулдар»,

-«Математика жана информатика»,

-«Маалыматтык технологиялар».

«Маалыматтык технологиялар» миңбарын ф.-м. и. к., доцент А. Ж. Сатыбаев жетектеген. Миңбар адистерди :АСОИУ, ПОВТАС, АСОИУс  адистиктери боюнча чыгарган. 2002-2003-окуу жылынын башына миңбардын ПОЖты 20 адамга чейин көбөйгөн, аларда: 1 п.и.д., 1 ф.-м. и. к., 4-ага окутуучу, 9 окутуучу, 2 инженер-программист, 2 техник-оператор жана 1 лаборант болгон.

2003-2004- окуу жылынын башталышына бул миңбар 2 ге бөлүнгөн: «Колдонмо жана эсептөө математикасы» жана «Маалыматтык копьютердик системалар». «Колдонмо информатика жана эсептөө математикасы» миңбарынын башчылыгына  ф.-м. и. к., доцент А.Ж.Сатыбаев  дайындалган.

2008-2009- окуу жылынын башында  бул миңбардын аталышы «Экономикадагы колдонмо информатикага» өзгөртүлгөн жана анын башчылыгына ф.-м. и. к., доцент А. А. Ахмедов дайындалган.

2009-2010-окуу жылынын башында миңбардын аталышы «Компьютердик жана маалыматтык технологиялар» деп өзгөртүлүп, ага ф.-м.-и.д., проф. А. Ж. Сатыбаев дайындалган, андан кийин ошол эле окуу жылынын ноябрь айынан тартып т.и.к., КӨЭАУнун профессору  Г. К. Өмүрбекова жетектеп келди, 2014-жылдын сентябрь айынан баштап 2020-жылга  чейин ф. – м. и. док., профессор Ы.Ташполотов жетектеп келген. 2020-жылдан МСжТ кафедрасын  т.и.к., КӨЭАУнун профессору  Г. К. Өмүрбекова жетектеп келе жатат

Бүгүнкү күндө Графика адистерин  жана Информатика жана эсептөө техникасы  багыттары боюнча бакалаврларды даярдап чыгарат.