29.11.2024
“Маалыматтык системалар жана технологиялар” кафедрасында окутуучулар жана Информатика жана эсептөө техникасы багытынын студенттеринин ортосунда “Өздүк отчетту баалоо” талкуусу болуп өттү. Болуп өткөн талкууда кафедра башчысынын орун басары, улук окутуучу Э. С. Адылова студенттерге ушул жылдын 17-декабрында ИЭТ багыты аккредитациядан өтүүсү тууралуу маалымдап жана 1-курстарга аккредитация тууралуу кыскача түшүнүк берип өттү. Студенттер да суроолорун берип, талкуу кызыктуу өттү.