Илим-изилдөө ишмердүүлүгү

Инженердик – технологиялык факультетинде бүгүнкү күндө 4 илим изилдөө борборлорунда төмөнкү багыттарда илим изилдөө иштери алып барылат:

  1. «Табигый таш» илим изилдөө борбору. Бул илим изилдөө борборунун негизги илимий багыты – жаратылыш таштарын курулуш иштеринде иштетүүнүн технолгияларын жана түзүлүштөрүн иштеп чыгуу маселелери.

Жаңы техника жана технологиялардын үстүнөн иштөө боюнча маселе коюлуп жаткан учур

Илимий борбордун директору т.и.д., профессор Мамасаидов Мухаммеджан Ташалиевич

  1. «Алтерэнерго» илимий – өндүрүштүк борбору. Бул илимий борбордун негизги илимий багыты – эл чарбасында адаттан тышкаркы калыбына келүүчү энергия булактарын (күн, шамал, биологиялык газ, майда агын сууларынын энергиясы) кеңири пайдалануунун маселелери боюнча илимий багыттарды алып барат.

 

Илимий борбордун директору жана жалпы илимий жетекчиси т.и.к., доцент Расаходжаев Б.С.

  1. «Формалык кийимдер» илим изилдөө борбору. Бул илим изилдөө борборунун негизги илимий багыты – атайын багыттар үчүн (аскердик, мектеп ж.б.) кесиптик формалардын үлгүлөрүн иштеп чыгуу, алардын пайдаланылуу касиеттерин изилдөө жана өндүрүштө пайдалануусун уюштуруу.

Илимий борбордун директору т.и.к.,  Исаев И.Э.

 

  1. «Маалыматтык технологиялар» илим изилдөө борбору. Бул илим изилдөө борборунун негизги илимий багыты – айыл чарбасынын айрым тармактарында физикалык, экономикалык, экологиялык ж.б. маселелерди компьютердик жана математикалык моделдештирүү жана ГИС-технологиясы боюнча иш алып баруу. Илимий борбордун директору, ф.-м.и.д., профессор И.Т. Ташполотов И.Т.

 

 

 

 

 

 

 

Илимий борбордо студеттерге атайын «Программист» кружок өтүлүп жаткан учуру

 

Факультеттин илимий борборлорундагы илим издөө иштерин юштуруудагы сырткы байланыштарынын географиясы төмөнкүдөй:

Студенттерди келечекте илим изилдөө иштерин алып барууга багытталган аракеттер кафедраларда уюштурулган студенттик конструктордук бюролорунун (СКБ) иш пландарында камтылган. Бул багытта  «Компьютердик технологияларжана энергетика» кафедрасында «Автомобилист», «Гелиос», «Жаш электриктер», «Программист»,  “Компьютердик графика” «Колдонмо механика жана къркъм долбоорлоонун технологиясы» кафедрасында “Жаш дизайнер”, “Срөткер”, “Саркечте”, “Жаш конструктор”, «Грация» СКБлору иштешет. СКБлордун иштеринин жыйынтыктары жыл сайын белгиленүүчү кесиптик күндөргө арналган иш-чаралардын алкагында, көргөзмөлөр, илимий билдирүүлөр көрүнүшүндө каралат.