Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Инженердик-технологиялык факультетинде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын жыйын болуп өттү. Жыйынга Мамлекеттик тил жана соц.иштер боюнча проректору Сарыков С.Т., ИТФнын деканы, т.и.к., доцент Исаев И.Э. жана ЮЭФнын окутуучусу Тайгараев Р.А. катышты.
Алгач сөздү Мамлекеттик тил жана соц.иштер боюнча проректор С.Т.Сарыков баштады: Урматтуу студенттер!
Бүгүн биз абдан маанилүү жана актуалдуу маселе – коррупция тууралуу сүйлөшөбүз. Коррупция – бул жөн гана мыйзам бузуу эмес, бул мамлекеттин өнүгүүсүнө, коомдун адилеттүүлүгүнө жана элдин жашоосуна чоң зыянын тийгизген коркунучтуу көрүнүш.
Коррупция деген эмне?
Коррупция – бул кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу же берүү, тааныш-билиштик менен иш бүтүрүү сыяктуу адилетсиз иштердин жыйындысы. Бул көрүнүш кайсы бир деңгээлде бардык өлкөлөрдө бар, бирок аны менен күрөшүүнүн деңгээли ар башка.
Андан кийин ЮЭФнын окутуучусу Тайгараев Р.А. коррупция боюнча студенттерге кенен маалымат берип, өз доклады менен тааныштырып өттү.
Сөздү ИТФнын деканы, т.и.к., доцент И.Э. Исаев улантып, коррупция, коррупциянын алдын алуу, болтурбоо боюнча кененирээк маалымат берди.
Коррупция биринчи кезекте коомдун адилеттүүлүк принциптерин бузат. Коррупция бул – билим берүүгө терс таасирин берет . Өз кесибинин мыкты адиси болушуна тоскоолдук жаратаарын айтып өттү.
Андан кийин агайлар менен студенттер суроо-жооп иретинде маек куруп, студенттерге сөз берилди. ИТФнын 2024-2025-окуу жылында президенттик стипендиянын ээси болгон студентибиз Токтосунова Бегайым сүйлөп, уюштуруучуларга жана агай-эжекелерге ыраазычылыгын билдирди.
Коррупция – бул мамлекеттин жана ар бир жарандын келечегине терс таасир тийгизген чоң көйгөй. Бирок аны менен күрөшүү мүмкүн. Эгер ар бирибиз таза жана адилеттүү иш алып барсак, укугубузду коргоп, мыйзамды сыйласак, коррупцияны жеңүүгө чоң салымыбызды кошобуз.
Өлкөбүздүн жаркын келечеги – ар бирибиздин колубузда!