Факультеттин тарыхы

Инженердик – технологиялык факультетинин тарыхы Кыргыз-Өзбек университетинин өнүгүү тарыхы менен жарыш келет.

1994-жылы Ош технологиялык техникумунун Кыргыз-Өзбек жогорку колледжи болуп кайра түзүлүүсү менен эле катар, ушул эле колледждин курамында жогорку инженердик билим берүүнү уюштуруу максатында Инженердик-технологиялык факультети түзүлүп, анын биринчи деканы катары техникалык илимдеринин кандидаты, КРнын ИАнын  Токтобеков Муратбек Токтобекович дайындалган.

Инженердик-технологиялык факультетиндеги  кесиптик багыттар көбөйгөндүгүнө жараша кошумача 1994-жылдан 2008-жылдар аралыгында төрт факультет түзүлүп иштеген, ал факультеттер:

1994-2008жж.Инженердик-технологиялык факультети деканы болуп, т.и.к., доцент   И. А. Бакиров иштеген;

1995-2008жж. ФЛП Жеңил өнөр жай факультети, кийин Кийимдин дизайны жана сервис факультети  (ФДОС) деканы болуп т.и.к., доцент А. Дж. Наватова иштеген:

2005-2006 жж. Энергетика жана маалыматтык системалар факультети (ФЭиИС) деканы болуп т. и. д. А. И. Исманжанов жетектеген;

2006-2008жж.Компьютердик технологиялар жана телекомуникациялар (ФКТиТ) факультети (ФКТТ)деканы болуп, деканы т.и.к., доцент А. Ж.Сатыбаев жетектеген;

2006-2008жж. Энергетика жана транспорт факультети (ФЭиТ)деканы болуп,  т.и.к.,доцент А.К.Кадыркулов жетектеген;

2008-жылы жогорудагы факультеттер биригип кайрадан Инженердик-технологиялык факультети болуп түзүлгөн,  деканы болуп т.и.к., доцент К.Абдырахман уулу 2014-жылга чейин иштеген.

2014-жылдан, 2020-жылдын декабрь айына чейин Инженердик-технологиялык факултетинин деканы кызматын шайлоо жолу менен келген т.и.к., доцент Г.К.Өмүрбекова аркалаган.

2020-жылдын 8-декабрындагы Инженердик-технологиялык факультетинин деканы кызматына өткөн шайлоодо, коллективдин толук колдоосу менен, т.и.к., доцент Исаев Ильязбек Эркинбаевич шайланып, ректордун буйругу менен кызмат ордуна 5-жылдык мөөнөткө бекитилген.

Бугункү күндө Инженердик-технологиялык факультетин күндүзгү, кечки жана сырткы бөлүмдөрүндө 1000ге чукул студенттер билим алышууда. Азкы күндө ИТФда 2 кафедра, 4 илим изилдөө борборлорун өз ичине камтыйт. Жалпысынан факультетте 39 адам эмгектенет. Анын ичинде 3 илимдин доктору, профессорлор, 8 илимдин кандидаты доценттер бар.   Дареги: Ош шаары Н.Исанов көчөсү 79, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин, 2-корпусунун б-блогунда 2-3-этаждарында жайгашкан.