Бүгүн биздин окуу жайда Программисттер күнүнө карата студенттер арасында “Час кода” аталышындагы таймаш болуп өттү. Иш-чаранын максаты – жаштардын маалыматтык технологияларга болгон кызыгуусун арттыруу, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана заманбап программалоо көндүмдөрүн бекемдөө болду.

Таймашка ар кайсы топтон мыкты студенттер катышып, өз билимдерин жана жөндөмдөрүн сынашты. Алар алгоритмдерди чечүү, код жазуу жана логикалык тапшырмаларды аткаруу боюнча таймашып, кызыктуу жана пайдалуу убакыт өткөрүштү.

Жыйынтыгында мыкты жыйынтык көрсөткөн катышуучулар ардак грамота жана сыйлыктар менен сыйланышты. Бул иш-чара студенттердин чыгармачылыгын колдоо менен бирге, аларды жаңы билимдерге шыктандырып, программист кесибинин кадыр-баркын жогорулатууга чоң салым кошту.