27-март күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде факультет, колледждердин окутуучуларынын жана студенттеринин арасында “Мыкты окутуучу-студент” аттуу интеллектуалдык таймаш болуп өттү.
Аталган таймашка, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде эмгектенген 35 жашка чейинки окутуучулар жана күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерден куралган командалар катышты. Интеллектуалдык таймаш Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча ишмердүүлүгүнүн «Интеллектуалдар» борбору тарабынан уюштурулду. Таймашта алдыңкы орунду ээлегендер “Ардак громата” жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Бул жылы да 1-орунду Инженердик-Технологиялык факультетинен куралып чыккан “Мурас” командасы ээледи.
Бул иш чараны уюштурууга моралдык жана материалдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович агайыбыз баштаган ректорат жамаатына ыраазычылык билдиребиз.