Б. Сыдыков атындагы КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды. «Мыктылардын мыктысы-2024» конкурсунун жобосунун негизинде 2024-жылдын мыктылары аныкталып сыйланышты. Аталган сыйлыктарды профессордук-окутуучулар жамаатына арналган Жаңы жылдык кечеде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, мурдагы ректорлор жана КӨЭАУнун проректорлору өз ээлерине тапшырышты.
Мыктылардын катарында, Инженердик-Технологиялык факультетинин профессору, техника илимдеринин доктору, – Исманов Медербек Марипжанович “Эң мыкты профессор – 2024” номинациясына ээ болду. Урматтуу Медербек Марипжанович, ар дайым ден соолукта болуп, ишиңизди ийгиликтер жана жаңы жаратмандыктар коштоп жүрсүн! Ар дайым бар болуңуз деп Инженердик -Технологиялык факультетинин жалпы жамааты сыйлыгыңыз менен куттуктайт.