Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Юридика-Бажы факультети тарабынан уюштурулган жаңы жылдык кече болуп өттү. Кечеде жыл жыйынтыгы чыгарылып, университет боюнча мыктылардын мыктысы аныкталды. Ал конкурста “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КАФЕДРАСЫ” наамына КӨЭАУнун профессору Г.К. Өмүрбекова жетектеген “Маалыматтык системалар жана технологиялар” кафедрасы татыктуу болуп, ал эми “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СТУДЕНТИ” наамын ушул эле кафедранын студенти, ИВТ-1-21 тайпасынан Токтосунова Бегайым алды.