ИТФда 2 кафедра бар алар: КМжКДТ кафедрасы, КТжЭ кафедрасы. КТжЭ кафедрасынд 4 багыт жана 1 адистик бар, КМжКДТ кафедрасында 2 багыт бар. Ар бир багыт жана адистик боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин 2015-ж. 15-сентябрындагы №1179/1 буйругунун негизинде бекитилген стандарт менен иш алып барылат. Жалпы 6 багыттын жана 1 адистиктин окуу пландары, жумушчу окуу пландары, ар бир сабак боюнча жумушчу программалар, НББП, элективдик каталогдор 2021-2022-окуу жылына түзүлгөн. 2021-2022-окуу жылынын 1-жарым жылдыгында негизинен бардык сабактардан окуу-усулдук материалдар толугу менен даярдалып, AVN маалыматтар системасынын 85-программасына жүктөлдү. Жумушчу окуу пландары 2021-2022 окуу жылынын башында Дизайн, КТИ, ИЭТ, ЭиЭ, ЭТТМК, АИ багытынын күндүзгү, кечки, сырттан окуу бөлүмдөрү жана Графика адистиги боюнча жумушчу окуу пландары түзүлүп, бекитилип AVN программасына жүктөлгөн. Элективдик сабактар тийиштүү кафедралар тарабынан даярдалып, баяндамалар жасалып, студенттердин тандоосу менен окуу жүктөмдөрүнү коюлат. КТИ багытында: түстүү графика, көркөм графика, кесипке даярдоо, өндүрүштү уюштуруу жана пландаштыруу ж.б. сабактар. ИЭТ багытында: системалык программалоо, адам жана машинанын өз ара кыймылы, өндүрүштү пландаштыруу жана уюштуруу, объектке-ориентирленген программалоо, Visual Basic сабактары тандалып алынган. Графика адистигинде: автоматташтырылган окутуунун негиздери, илимий изилдөөнүн негиздери жана патентке киришүү, математикалык моделдештирүү, өндүрүштү пландаштыруу жана уюштуруу сабактары тандалып алынып, окуу планына киргизилген. |