Окуу-усулдук кеңеш

Факультеттин студенттерин кесипке даярдоо менен эле бирге, аларды ар тараптуу өнүгүү багытында да иш чаралар уюштурулган.

  1. Тарбиялык иш чаралар. Тарбия – адам баласынын денгээлин көрсөтүүчү негизги өзөгү болуп эсептелет. Факультеттеги тарбиялык иш чаралар студент жаштардын Ата-Мекенге болгон патриоттук сезимдерин жогорулатуу, өнүктүрүү, Мекенин таанууга, сүйүүгө жана коргоого, эл-жерине кызмат кылууга, ал үчүн терең билимдин зарыл экендигине негизделген. Студент жаштардын ар тараптан бышып жетилүүсүн, терең билим жана мыкты тарбия алуусун камсыздоо – факультеттин тарбиялык иш чараларынын негизги багыты, башкы максаты. Бул жагдайда факультетте бир катар маданий-массалык иш чаралар жолго коюлган.
  2. Маданий-массалык иш-чаралар. Аталган иш-чаралар республикабыздын коомдук саясий чөйрөсүнүн алкагында, университеттин маданий-массалык иш-аракеттеринин багытында, факультеттеги студент жаштардын кесиптик өзгөчөлүгүнө жараша факультет жетекчилигинин, кафедра башчыларынын, тайпа кураторлорунун, тайпа старосталарынын Студенттик кошундун колдоосунда иш жүзүнө ашырылат. Иш чаралардын негизги багыты – студент жаштарга билим берүү менен эле катар аларды коом менен байланыштыруу, активдүүлүгүн жогорулатуу, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, кураторлор менен студенттердин, окутуучулар менен ата-энелердин жана окуу тайпаларынын өз ара байланыштарын чыңдоо болуп саналат. Бул багытта төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:
  3. «ИТФ таланттары» студенттик кароо конкурсу;
  4. «Алтын Ордо» студенттик оюн-зоок кечеси;
  5. Кесиптик майрамдарга арналган илимий практикалык конференциялар;
  6. «Алсыз звено», «Пирамида», «Математикалык ринг» аталыштарындагы интеллектуалдык таймаштары;
  7. Студенттердин кеспитик өзгөчөлүгүн эске алган «Чыгармачылык фестивалы», «Мода көргөзмөсү», «Биринчи жасалган буюм күнү», «Сүрөт көргөзмөсү» иш чаралары;
  8. Тайпалар аралык белгилүү даталарга арналган спорттук мелдештер;
  9. Майрам күндөрүнө арналаган атайын иш чаралар, дискотекалар;

Инженердик-технологиялык факультетинде билим алуу – бул келечектүү кесип ээси болуу менен бирге ар тараптуу өнүккөн инсан катары калыптануунун негизи.