Бүгүн, 2023-жылдын 19-октябрь күнү Инженердик-технологиялык факультетине, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Архитектура жана дизайн институтунун директору Кожобаева Салтанат Толонбаевна, архитектура илиминин кандидаты, доцент жана аталган Архитектура жана дизайн институтунун директордун окуу иштери боюнча орун басары Джузбаева Айзада Нургазиевна конокто болушту. Коноктор факультеттин материалдык- техникалык базасы менен кеңири таанышып, андан кийин факультетин жамааты жана студенттер менен жолугушуу иш-чарасы болду. Жолугушууда суроо жооптор менен көп маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Аягында факультетин жетекчиси т.и.к., доцент Исаев Ильязбек Эркинбаевич сөз сүйлөп КМТУнун жогорудагы институту менен мобилдүүлүк программасы боюнча окутуучулар студенттер арасында иштерди тереңдетүү маселесин айтып, келген конокторго ыраазычылык билдирди.
.