14-17-сентябрь аралыгында Кыргыз-Тажик чек арасында болуп өткөн кагылышууда жабыр тарткан Баткен элине психологиялык жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде эмгектенип жаткан психологдор 20-сентябрда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине кеңешмеге чогулушту.
Кеңешмеге катышкан Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев психологиялык жардамга муктаж болуп турган Баткен элине кол сунуп, өлкөбүздүн баардык аймактарынан келген психологдорго ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалады.
Жалпы журтту дүрбөлөңгө салган коогалуу бул күндөрдө кеминде элүү тогуз адам мерт болуп, 183ү түрдүү баскычта жараат алган. Ал эми 140 миңден ашуун жай тургундар убактылуу жер которууга аргасыз болгон.
Кеңешмеге чогулган адистер жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү үчүн жөнөп кетишти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *