Маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасында IT тармагындагы ишкер, OimoSoft компаниясынын негиздөөчүсү Мустафа Набиев студенттер үчүн «Тиркемелерди App Store жана Google Play платформаларына чыгаруу» аттуу конок лекциясын өткөрдү.
Конок лекцияга Информатика жана эсептөө техникасы (ИЭТ) багытында жана Графика адистигинде билим алып жаткан студенттер катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу, аларды App Store жана Google Play платформаларына жайгаштыруу, тиркемени жарыялоого даярдоо жана IT-продуктту колдонуучуларга жеткирүү боюнча баалуу маалыматтарга ээ болушту.
Өзгөчө маанилүүсү — студенттер теориялык билим менен гана чектелбестен, IT тармагындагы реалдуу тажрыйба жана практикалык кеңештер менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Мындай конок лекциялар студенттердин кесиптик кругозорун кеңейтип, жаңы идеяларга шыктандырып, келечектеги адистик жолун туура багыттоого өбөлгө түзөт.
Мустафа Набиевге кызыктуу жана мазмундуу лекциясы, тажрыйбасы менен бөлүшкөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
Возможно, это изображение один или несколько человек и люди учатся
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и осветительное оборудование
Возможно, это изображение один или несколько человек и люди учатся