ЭлТР телеканалынан Элнура айым бүгүн, Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Инженердик-технологиялык факультетинин студенттеринен интервьюларды алды. Анда факультетибиздин болочок Энергетиктери, Программисттери жана Дизайнерлери болгон, студенттерибиздин өз колдорунан жаралган, практикалык буюм тайымдары, макеттери тууралуу мыкты телеберүү үчүн тартылышты.
🎙🔹️Студенттер өздөрү жасап чыккан роботтордун компьютердик программалар аркылуу башкарылуусу тууралуу, энергетик студенттер болсо, күн панелдеринин жардамында жарыктандырылган көп кабаттуу үйдүн жана Ош шаарындагы үч чоң көпүрөөнүн жарыктандыруучу жол чырактарын күн энергиясы менен жарыктандырылган макетин көрсөтүп беришти жана Дизайнердик багытта билим алып жаткан студенттерибиз бир нече жаңы коллекцияларды жаратуунун үстүндө иштеп жатышкандыктарын айтып, көрсөтүп да беришти.👍💥
🎙🔸️Буйурса таланттуу студенттерибиз жакынкы күндөрү ЭлТРдин телеберүүлөрүнөн, өздөрүнүн иштери менен кеңири маалыматтарды чагылдырыша турган болду, телекомпаниянын иштерине, албан ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.📊👍