01.11.2022-ж.
Бүгүн Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин инженердик- технологиялык факультетинде ата-энелер жана иш берүүчүлөр менен Негизги билим берүү программасы боюнча талкуулоо жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга факультеттеги ар бир багыт боюнча иш берүүчүлөр жана студентердин ата-энелери катышышты. Анда окуудагы жана коомдук иштердеги активдүү катышкан мыкты студенттердин ата-энелерине жана факультет менен тыгыз иш алып барган иш берүүчүлөргө ыраазычылык каттары тапшырылды. Жалпы жыйындан соң кафедралар секцияларга бөлүнүп, өз ара кафедралардагы багыттар жана адистик боюнча НББПлар талкууланды. Ата-энелер жана иш берүүчүлөр тарабынан НББПга бир нече сунуштар айтылды. Жыйын өз максатына жетти.